7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жер титирөөдө коопсуздук куржуну даяр туруусу зарыл

548

Коопсуздук куржунунда төмөнкүлөр болуусу зарыл: 

1) Документтердин көчүрмөсү, акча;

2) Тез жардам кутусу

3) Жай мезгилинде 5-6 л суу, кыш мезгилинде 3-4 л суу;

4) Консерва, жогорку калорриядагы тамак-аш;

5) Гигиена каражаттары;

6) Запаска кийим, бут кийим, жууркан (одеяло);

7) Радио, батарейки, уюлдук телефондун кубаттагычы (PowerBank), ышкырык, фонарик.

Коопсуздук куржуну – асынма сумка (рюкзак) дөңгөлөктүү же өзүңүзгө ыңгайлуу сумканын түрүн тандасаңыз болот.

Куржундун ичинде кеминде үч күнгө жете турчу азык, суу, жылуу кийим, дары-дармек, жардамга чакыруу үчүн белги берүүчү фонарик жана ышкырык болуусу зарыл.

Ошондой эле куржундун ичинде кагазга жакын туугандарыңыздын дарегин, телефон номерин, жакын жердеги бейтапкананын өзгөчө кырдаал учурунда жарандарды кабыл алуу пункттарынын дарегин жазып койгонду унутпаңыз. Бул байланыш жок учурда ӨКМдин кызматкерлери үчүн сизге ыкчам жардам берүүгө жардам берет.

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ АДАМГА ЗЫЯНЫ ТИЙБЕШ ҮЧҮН ҮЙДҮ КАНТИП ДАЯРДАЙСЫЗ?

— Үй эмеректерин дубалга бекем бекитиңиз, алар керебеттерге жана бөлмөдөн чыгуучу эшиктерге кулабагыдай болуусу керек.

— Ачык же жабык илгичтери бар сүрөт күзгүлөрдү жана сааттарды коопсуздандырып, дубалга бекемдеңиз.

— Текчелердеги же эмеректердин үстүндөгү оор буюмдарды алдын ала ылдый түшүрөсүз.

— Керебеттерди терезелерден алыстатып, люстраларды жана лампаларды шыпка бекем кагыңыз.

— Үй эмеректеринин бекиткичтерин жер титирөө учурунда ачылбай тургандай сапаттууларына алмаштыруу зарыл.

— Күйүүчү жана жегичтүү суюктуктар куюлган идиштер бекем жабылып, имарат титирегенде кулап, сынып калбашы үчүн сакталууга тийиш. Электр буюмдарын дубалга бекемдеңиз.

Ар бир кыргызстандык жер титирөө учурунда эң жөнөкөй 10 кадамды билүүсү зарыл:

1) тынч болуп, дүрбөлөңгө түшпөңүз,

2) лифт же тепкичти колдонбоңуз;

3) Эмеректерден, терезелерден, асма шамчырактан (люстра) алыс кетиңиз,

4) баш калкалоочу жай таап, башыңызды колуңуз менен жаап алыңыз;

5) титирөө токтогондон кийин имараттан чыгып кетүүгө болот;

6) сыртка чыгаарда сууну, газды, электр энергиясын өчүрүү зарыл;

7) авариялык абалдын алдын алыңыз;

549