Дүйнөлүк банк тарабынан жалпы суммасы 50 млн долларга (4.23 млрд сом) каржыланган Баткен облусунун региондук экономикасын өнүктүрүү долбоорунун II фазасынын алкагында Кызыл-Кыя шаарында жаңы соода-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Экономика министрлигинде бул долбоорду ишке ашырууну министрдин биринчи орун басары Сейилбек Урустемов Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу кеңсесинин өкүлү Мелисса Браун менен талкуулаган.
Жыйында белгиленгендей, логистикалык борбордун жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Анда 3 миң тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн жабдуулар сакталган 12 муздаткыч камера орнотулат.
Буга чейин маалымдалгандай, Дүйнөлүк банк Баткен облусунун бир нече секторлоруна максаттуу интервенциялар аркылуу экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу боюнча алты жылдык долбоорду ишке ашырууда. Долбоордун болжолдуу суммасы 50-60 млн долларды түзөт.