7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды

504

Кызыл-Кыяда жолбун ит тиштеп алган сегиз бейтап ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты Сактоо министрлигинен билдиришти.

Бүгүн 25-августта Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында белгисиз ит тиштеп алган окуя тууралуу Саламаттыкты сактоо төмөнкүлөрдү билдирет:

Эпидемиологиялык иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 8 тургунун 1 белгисиз ит тиштеп алганы аныкталган. Ит табылып жок кылынды. Баткендеги ветеринардык лабораторияга кийинки изилдөө үчүн патологиялык материал (иттин мээси) алынды. Ошондой эле бул ит 3 баш бодо малды тиштеп алган, алар 10 күндүк байкоодо турат.

Бул иттин тиштөөсүнөн жабыркагандардын бардыгы Кызыл-Кыя шаарындагы медициналык жардам көрсөтүү борборунун травматология бөлүмүнө жаткырылып, аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалган.

Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

505