Ленин чокусунда 38 жаштагы жана 41 жаштагы Орусиянын жарандары каза болду. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-август күнү Чоң-Алай РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келген. Анда, Чон-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Ленин чокусунун деңиз деңгээлине 6100 метр бийиктикте Россиянын 1984-жылы туулган В.Г., жана 1981-жылы туулган Ш.В., аттуу жаран каза болгонду боюнча кабар келип түшкөн.
Аталган маалымат Чоң-Алай РИИБдин электрондук журналына катталып, тергөө иштери башталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча алар сууктан каза болгон деген маалыматтар айтылууда. Учурда Чоң-Алай РИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан жансыз денелер Ленин чокусунун 6100 метр бийиктикте болгондуктан аларды алып түшүү иштери жүргүзүлүп жатат.