Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылганга шектелип 47 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 29-август күнү Ысык-Ата районунун ооруканасына Новопокровка айылынын 1971-жылы туулган тургуну башына бычактан алган жаракаты менен түшкөн.
Бул факты боюнча Жазык кодексинин 37-122-беренеси (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка шектелип 1975-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, экөөнүн ортосунда мас абалында чыр чыккан.