7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ленин району жарыктандырылды

239

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы шаардыктар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү максатында  шаар көчөлөрүн жарыктандырууну улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Жогорку Жал кичи районунда №95 мектеп гимназиясы жайгашкан Безымянная көчөсү жарыктандырылды.

Долбоордун алкагында 26 темир тирөөч жана ар бири 100 Вт кубаттуу чырактар орнотулду. Тармактын ишенимдүү иштеши үчүн 500 метрден ашык өзүн-өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылды.

Ошондой эле магистралдык көчө да жарыктандырылып, ага 23 жарык орнотулган жана туташтыруу үчүн 550 метр өзүн – өзү колдогон изоляцияланган зым (СИП) тартылган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасы жума сайын кеминде 1 көчөнү жарыктандырууну пландаштырган.

240