7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Литтон шаарында күн 49,6 градуска чейин ысып, 500 адам көз жумду

3986

Канадада күндүн катуу ысыганын көтөрө албай акыркы беш күндө 500 адам көз жумду. Бул тууралуу  СВС телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кырсык Британдык Колумбия провинциясында көп катталган.

Аймактагы адамдардын өлүмүн иликтеген Лиза Лапоинт маалыматтарды топтогондон кийин алардын саны дагы арбышы мүмкүндүгүн айткан.

«Акыркы беш күн ичинде Британдык Колумбия провинциясында көз жумгандардын саны арбыды. Биздин коронердик кызматка жума күндөн тарта капыстан каза болгон 486 учур туурасында маалымат келип түштү», — деген Лапоинт.

Өлүмдүн алдын ала айтылган себеби — күндүн катуу ысып кетиши дешкен. Тартип коргоо органдарынын билдиргенине караганда, көз жумгандардын көбү улгайган адамдар.

Белгилей кетсек, мурдагы күнү Британдык Колумбия провинциясында жайгашкан Литтон шаарында күн 49,6 градуска чейин ысып, Канаданын тарыхында рекорд жараткан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3987