Канадада күндүн катуу ысыганын көтөрө албай акыркы беш күндө 500 адам көз жумду. Бул тууралуу СВС телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кырсык Британдык Колумбия провинциясында көп катталган.
Аймактагы адамдардын өлүмүн иликтеген Лиза Лапоинт маалыматтарды топтогондон кийин алардын саны дагы арбышы мүмкүндүгүн айткан.
«Акыркы беш күн ичинде Британдык Колумбия провинциясында көз жумгандардын саны арбыды. Биздин коронердик кызматка жума күндөн тарта капыстан каза болгон 486 учур туурасында маалымат келип түштү», — деген Лапоинт.
Өлүмдүн алдын ала айтылган себеби — күндүн катуу ысып кетиши дешкен. Тартип коргоо органдарынын билдиргенине караганда, көз жумгандардын көбү улгайган адамдар.
Белгилей кетсек, мурдагы күнү Британдык Колумбия провинциясында жайгашкан Литтон шаарында күн 49,6 градуска чейин ысып, Канаданын тарыхында рекорд жараткан.