7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ливияда селдин кесепетинен эки миңден ашуун адам каза болду

688

Ливиянын Дерна шаарында 2 миңге жакын адам «Дэниел» бороонунун кесепеттеринен жана суу ташкынынан улам каза болду. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазышууда.

Ливиянын чыгыш өкмөтүнүн премьер-министри Усама Хамаддын берген маалыматына караганда учурда дайынсыз жок болгондордун саны 7000ге жакын.

Маалыматка караганда, Ливиянын чыгышында 10-сентябрда «Даниел» деп аталган бороон болгон . Ал Жабал аль-Ахдар, Дерна жана Бенгази шаарларына таасирин тийгизген. Ливиянын бийлиги өлкөнүн чыгышындагы Киренаика провинциясындагы үч аймакты кырсык зонасы деп жарыялады. Ошондой эле алар эл аралык жардам сурады.

Бороондун кесепетинен Дернаны курчап турган эки дамба урап, суу ташкынына алып келген. Суу Ливиянын чыгышындагы шаарлардагы турак жайларды жууп, үйлөрдү талкалады. Бийлик өзгөчө кырдаал жарыялап, мектептер менен дүкөндөрдү жаап, коменданттык саат киргизди. БУУ «жергиликтүү жана улуттук жооп кайтаруу аракеттерин колдоо үчүн шашылыш жардам көрсөтүүгө» убада берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

689