Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөө 5-январда саат 00:51де өлкө аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Бейит айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.