7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат

240

Өлкө боюнча 50 китепкананын базасында баланы өнүктүрүү борборлору ачылат. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Аталган чечим мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк шарттарын кеңейтүү жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүү максатында кабыл алынган.


Аталган өнүктүрүү борборлорундагы билим берүүчү жана өнүктүрүүчү сабактардын пландары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-июнундагы № 363 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жана балдарды багуу” мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

241