7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 90 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

627

Бүгүн өлкөдө 90 миңден ашуун адам эмделди. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эмдөө бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекова брифинг учурунда билдирди.

«Өлкө боюнча коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алгандардын саны 91 миң 545 адамга жетти. Экинчи дозаны алгандар 66 миң 578 адам. Анын ичинен Бишкек шаары боюнча биринчи дозаны алгандардын саны 21 миң 830 адам, экинчи доза менен 18 миң 653 адам эмделди. Вакцинаны алгандан кийин эч кандай татаалдашуу жана өлүмгө учурагандар болгон жок. Эмдөө 18 жаштан жогору жана каалаган жарандарга жасалууда», — деп билдирди Асыкбекова.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

628