7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, кар жаашы күтүлөт

499

ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 9-12-декабрларында аба-ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлүүдө.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Бул күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

9-11-декабрларда абанын температурасы акырындык менен төмөндөйт:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10°, түндүгүндө -8…-13°, күндүз 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3 сууктан…+2 жылуулукка чейин, күндүз 3…8° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектерде түнкүсүн -8…-13°, күндүз
-3…-8° суук, тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27°, күндүз -5…-10° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -18…-23°, күндүз -4…-9° суук болушу күтүлөт.

Мындай суук аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

Айдоочулардын эсине!
Алыскы жолго чыгаарда унаага дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк, дары-дармек топтомун, тамак-аш жана ысык суу алууну унутпаңыз.
Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактап, кырсык катталган учурда 112 кызматына чалып, жардам чакырыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат.

500