Кыргызстанда акыркы бир жумада, 12-18-сентябрда, COVID-19дун жаңы 78 учуру катталган. Бул тууралуу ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 13 адам амбулатордук дарыланууда, 65 бейтап – ооруканага жаткырылган.
- 2022-жылдын 37-жумасына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
- 2022-жылдын 8 ай 18 күнүндө COVID-19дун 21 250 учуру катталган, анын ичинде 19 244 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2006 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.