Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 42 жаштагы Мапаев Махамат көз жумду.
Ал Баткенде 1980-жылы 11-июлда туулган. Баткен шаарындагы 2053 аскер бөлүгүндө «Улук сержант»болуп эмгектенип келген.
Тажик тараптын жолун тосуп чыгып чек арада снарядка жарылып, жарадар болуп калган. Андан соң, тажик тараптан дагы бир ок атуу болуп, ал ок жүрөгүнө тийген.
Артында жубайы жана 3 уулу, бир кызы калды.