7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кан борборуна 2 күн ичинде кан тапшыруу үчүн 962 адам кайрылды

516

Кан борборлоруна 2 күн ичинде ыктыярдуу кан тапшыруу үчүн 962 адам кайрылса, 643 адам кан тапшыра алышты, калган кан тапшырууга ар кандай көрсөткүчтөр боюнча каршы көрсөтмөлөр берилген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна 160 доза эритроциттик масса, 160 доза жаңы тоңдурулган плазма, ошондой эле медициналык керектелүүчү материалдар, тест-система, жергиликтүү баштапкы медициналык-санитардык жардам үчүн реагенттер өткөрүлүп берилди.

«Учурда канга болгон биринчи керектөө канааттандырылды, мындан ары кан тапшыруу стратегиялык резервди толуктоого багытталат. Белгилей кетүүчү нерсе, кандын тобу жана резус фактору маанилүү эмес”, — деди Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Батырова.

Батырова министрлик буга чейин телеграмм ботун ишке киргизгендигин, ал азыр дары-дармекке болгон муктаждык, жабыркаган жарандарды саламаттыкты сактоо уюмдарында болсо издөө жана Саламаттыкты сактоо министрлиги аркылуу башка маселелерди координациялоочу каражат катары колдонулуп жатканын айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517