7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөнүн жарым миллиондон ашуун тургуну COVID-19 каршы вакцина алды

536

5-августка карата өлкө боюнча 505 миңден ашуун адам коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды, бул вакцинацияланууга тийиш болгон жалпы жарандардын 14,8 %ын түзөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 641 миңден ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен жарым миллиондон ашык адам эмделген, ал эми экинчи доза менен 135 миңден ашуун адам эмделген.

Белгилей кетсек, COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында өлкөдөгү 3,4 миллион адам эмдөөдөн өткөрүлүүчү максаттуу топ катары аныкталган. Максаттуу топко 18 жашка чейинки балдар, тышкы эмгек мигранттары киргизилген эмес. Коллективдик иммунитет түзүлүшү үчүн максаттуу топко киргизилген 70% кем эмес жарандарды вакцинациялоо зарыл, ал 2,4 млн адамды түзөт.

Кымбаттуу жарандар! COVID-19 жайылышын болтурбоонун, өзүңүздү жана жакындарыңызды оорудан коргоонун, организмди алдын ала даярдоонун жана иммундук коргоону камсыз кылуунун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө болуп саналгандыгын Республикалык ыкчам штаб эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

537