7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Лыжа тебүү ден-соолукка канчалык пайдалуу экенин билесизби?

524

Лыжа тебүүнүн ден-соолукка пайдасы жөнүндө билесизби?

Өлкөбүздүн тоолуу өзгөчөлүгүнө ылайык кыштын кереметин сездирүүчү тоо-лыжа базалары жетишерлик санда. Мына ошол тоодо лыжа тебүүнүн пайдасы тууралуу кеңеш беребиз.

Лыжа тебүүнүн 10 пайдасы.

1. Кубат берет. Лыжа тебүү кооз жаратылыштын кучагында ишке ашкандыктан адам табияттан кубат алат. Медицинада бул ландшафтотерапия деп аталат. Жаратылышта эс алуунун натыйжасында адамдын нерв системасынын функциясы жана тамакка болгон табити жакшырып, маанайы көтөрүлөт.

2. Иммунитетти бекемдейт. Суук аба ырайында дайыма лыжа тебүү менен адам организмин суукка көндүрөт. Натыйжада организмдин коргоочу функциясы жакшы иштеп, ар кандай вирустарга жана дем алуу органдарынын ооруларына каршы туруктуулугу жогорулайт.

3. Жүрөк ооруларынын алдын алат. Үзгүлтүксүз лыжа тебүү жүрөк-кан тамыр системасын жөнгө салат. Көп учурда инфаркт же инсульт болгон адамдарга жай ыргак менен лыжа тебүү сунушталат. Анткени лыжа тебүү кан айланууну жакшыртып, жүрөк булчуңдарын бекемдейт жана кан басымынын нормалдашуусуна шарт түзөт.

4. Өпкөнү желдетет. Лыжа тебүү дем алуу органдарына да оң таасирин тийгизет. Ал газ алмашуу процессин жогорулатат жана өпкөнү желдетет. Натыйжада организм көп өлчөмдөгү кычкылтек менен азыктанат.

5. Ашыкча салмактан арылтат. Лыжа тебүүдө булчуңдар активдүү иштеп, дененин май массасынын балансы калыбына келет. Бир сааттык машыгуу менен 500дөн 1200гө чейинки калориядан арылууга болот. Спорттун бул түрү өзгөчө курсакта топтолгон майлар менен мыкты күрөшөт.

6. Келбетти жакшыртат. Келбеттин бузулушунун негизги себеби – жамбаш сөөгүнүн өзгөрүшү. Анткени көпчүлүк адамдар отурган абалда иштешет. Анда жамбаш артка кетип, көкүрөк сөөгү алдыга жылат. Ал эми лыжа тепкенде адам жарым-жартылай отурган абалда болот. Мында жамбаш сөөгү ордуна келет.

7. Депрессиядан арылтат. Дарыгерлердин айтымында, адам күнүнө жок дегенде 30-60 мүнөт күндүн жарыгында жүрүшү керек. Бирок кыш күн кыска, күн жарыгынын активдүүлүгү төмөн мезгил болгондуктан адамдар көп убактысын имараттын ичинде өткөрүшөт. Ал эми карга чагылышкан жарык күндүн астында тоодо лыжа тебүү маанайды көтөрүп, стресс менен депрессиядан арылтат.

8. Картаюу процессин жайлатат. Организмдин картайып баратканын мүнөздөгөн негизги факторлор – зат алмашуунун жайлашы, муундардын кыймылынын чектелиши, булчуң иштеринин активдүүлүгүнүн төмөндөшү. Ал эми лыжа тебүү алардын активдүү иштешине шарт түзүп, карылыкка барчу жолду узартат.

9. Сколиозго каршы турат. Канадалык дарыгерлердин айтымында, лыжа тебүү алгачкы стадиядагы сколиоздун алдын алат. Эгер адам өмүрүндө бир да жолу лыжада турбаса, анын омурткалары 35 жашка чейин гана сак болот. Азыркы балдар эртеден кечке компьютердин маңдайында отурушат. Андыктан компьютерди лыжага алмаштыруу менен омуртка ооруларынын алдын алуу керек.

10. Муундарды жакшыртат. Жумшак жана тегиз лыжа тебүүнүн натыйжасында тизе муундарынын функциясы жакшырат. Анткени, адистердин айтымында, лыжа тебүүдө буттар, өзгөчө тизе муундары активдүү иштейт.

Инструктордон кеңеш

1. Туруктуу жана тең салмактуу турушуңуз керек. Бул абалда өзүңүздү эркин сезиңиз. Эгерде лыжада туруу сизге ыңгайсыз болуп жатса, демек, ашыкча чыңалып алгансыз. Өзүңүздү бир аз таштаңыз.

2. Тургандан кийин салмак бутуңуздун манжаларына түшкөнүн сезип, бут кийимдин кысымы шыйракка тийгенге чейин ийилиңиз. Салмак толугу менен согончокко түшүшү керек. Бут кийимдин сизге канчалык жардам берип жатканына көңүл буруңуз.

3. Бутуңузду ар кандай алыстыкка коюп көрүп эң ыңгайлуу жана туруктуу абалды тандаңыз.

Кимдерге лыжа тебүүгө болбойт?

1. Кыймыл-аракет системасынын патологиясы же омуртка оорулары барларга

2. Кош бойлууларга

3. Муундары жана иммундук системасы өтө алсыздарга

4. Жакында гана операция болгондорго жана ар кандай оорулар менен ооругандарга

5. Ар кандай топтогу майыптарга.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

525