Адабий айдың: «Өмүр жана өлүм»
Каректен дүйнө чагылып турган,
Кайрылбас өмүр агылып турган.
Бүктөлгөн далай иштердин баарын,
Бүтүрчү маалы табылып турган.
*****************************************
Күндөрү күнгө уланып барчу,
Күлмүңдөп кээде кубанып калчу.
Мөөнөтү жетип үзүлүп түштү,
Мөлтүлдөп турган бир өмүр тамчы.
*****************************************
Толтура киши топурап барды,
Толтуруп уучун топурак салды.
Томсоргон көздөр тобуна кайтып,
Томпойгон гана топурак калды.
Автор: Жыргалбек Касаболотов