7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүрбек Бабанов саясатка кайтпай турганын тастыктады

543

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов саясатка кайтпай турганын социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

Ал бул сөздү Таластагы айыл өкмөтүнүн курулушун каржылаган соң талкуу жаралгандан кийин жарыялоону туура көргөн.

«Мени мамлекеттик кызматка кайра келет деен ушак-айыңдар чыгып, талкуу жаратып жибериптир. Дагы бир жолу ачык жана түз айткым келет: мен саясаттагы карьерамды токтотком, ал өткөн чак. Саясат мен үчүн элге жардам берүү мүмкүнчүлүгү болгон… Өзүмдү толугу менен бизнеске, кайрымдуулукка арнадым. Бул аркылуу адамдарга жардам берип келгем жана улантам. Андыктан менин эч бир ишимди саясат менен байланыштырбооңуздарды суранам»,- деген Бабанов.

 

 

 

544