7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият ишмерлери «Ата-Бейиттеги» Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

622

Бүгүн, 7-декабрда “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалын утурлай, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты, бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, аны эскеришти.

Ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова жана жакындары катышты.
Белгилей кетсек, 7- 12-декабрь күндөрү Бишкекте “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдер менен катышат.

 

623