7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майк Тайсонду Өзбекстанда падышадай тосуп алышты

506

Легендарлуу боксчу Майк Тайсон Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) 61-курултайына катышуу үчүн Ташкентке учуп келди.  Экс-чемпионду чыныгы падышадай тосуп алышты. Бул тууралуу Tengri Sport билдирди.

Өзбекстандын борборунда профессионалдык бокс боюнча алдыңкы уюмдардын биринин мүчөлөрүнүн жолугушуусу гана өтпөстөн, мыкты мушкерлердин беттештери да өтөт.

Карлос Куадрас (41-5-1, 28 КО) менен Педро Гевара (40-3-1, 22 КО) экинчи жеңил салмакта «убактылуу» чемпиондун куру үчүн, дагы бир беттеште казакстандык Мейрим Нурсултанов беттешет.

Бирок жыйындын негизги жылдызы Тайсон болду. Аэропорттон чыгаарда аны жүздөгөн күйөрмандар жана аскер оркестри тосуп алышты. Иш-чаранын алып баруучулары легендарлуу бокс жылдызын таң калтырууга аракет кылышты.

Музыкалык тыныгуудан кийин мушкер кара джиптердин бирине отуруп, кортеждин курамында мейманканага жөнөгөн. Ал жерден аны кызыл килем төшөлүп, сакчылар менен тосуп алышкан.

«Мен бул жерде болгонума кубанычтамын. Мени бул жакка чакырганыңарга рахмат. Мен бул жерде үч жолу эс алууда болгом жана кайра кайтып келгениме абдан кубанычтамын», — деди Тайсон маалымат жыйынында.

 

507