7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Маймыл чечек» оорусу кулачын жайууда. Анын кооптуулугу?

1204

Ушул жылдын май айынан баштап «Маймыл чечек» оорусу 16 өлкөгө тарады. Илдеттин учурлары Италия, Германия, Франция, Португалия, Канада, АКШ, Бельгия жана Австралия өлкөлөрүндө тарап, жалпысынан маймыл чечегинин адамга жуккан жүз учуру катталды.

Маалыматка ылайык, аталган ооруну биринчилерден болуп Улуу Британияда аныкталган. Илдет 7-майда Нигериядан келген адамдан аныкталып, азыркы тапта илдетке кабылгандардын саны боюнча Испания алдынкы оорунду ээлеп келе жатат.

Маймыл чечеги– сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Британиянын саламаттык сактоо кызматынын маалыматы боюнча, оору адатта жеңил өтөт, көбүнчө адамдар бир нече аптада сакайып кетет, бирок кээ бирлери үчүн кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн. Адистердин айтуусу боюнча, жыныстык катнаштан инфекция жукпайт дегени менен оорулуу адам менен жакын мамиледе болгондо жугушу мүмкүн экенин дагы баса белгилешет.

Оорунун алгачкы белгилери болуп: ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездери шишип, чыйрыгуу жана чарчоо саналат. Көбүнчө адамдын бетинен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгышы мүмкүн. Ал кийинчерээк түшүп, котурдун акыркы пайда болушуна чейин ар кандай этаптардан өтөт.

Учурда маймыл чечектин вакцинасы жок, бирок бир нече өлкөлөрдө кадимки чечектин вакциналарын камдап алышууда, анын вирустун жугушунун алдын алуу эффективдүүлүгү 85%, анткени бул эки вирус окшош.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1205