7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майра Керим кызы: «Кыз кезде көксөгөндү, Кыргыздан жолуктурдум»

3274

Казактын кызы, кыргыздын келини жана жээни Майра Керим кызы 1962-жылы Алматы облусунун Кеген районундагы Жылуу- Сай айылында туулган. Белгилүү төкмө акын бир нече  эл аралык жана республикалык айтыштардын катышуусу жана жеңүүчүсү болгон. Акындын элүүдөн ашуун обондуу ырлары эл ичинде ырдалып жүрөт. Өзү узакка созулган оорудан улам 2009-жылы 18-августта 47 жаш курагында мезгилсиз дүйнө салган. Төмөндө акындын калемине таандык ырларынын бир нечесин окурмандарга сунуштайбыз.

 

 

ЫСЫК-КӨЛГӨ ТААЗИМ
Ысык-көл касиеттүү энем менин,
Тартпаса тузун мени келээр белем.
Илхамым ырдаганда келген сымал,
Толкунга толуп турат кемерлериң.

Окшошуп көйнөгүнө көгөргөнүң,
Өзүңдүн кызың болчу энем менин.
Деди эле кайран энем көз жумарда,
Көлүмдү көрүп барып неге өлбөдүм.

Багымды сен ачпасаң төгөр белем,
Энемден көрбөгөндү сенден көрдүм.
Өмүрлүк жарымды таап өрөөнүңдөн,
Сезерсиң көшөгөмдүн көгөргөнүн.

Ыйык көл касиеттүү,не көрбөдүң,
Түбүңө канча сырды чөгөрбөдүң.
Жаннатты,бейишти да берем десе,
Мен сенин бир тамчыңа теңээр белем.

Чыгардың манасчынын берендерин,
Күүчүнүн сен чыгардын чеберлерин.
Акындан Алыкулга жолдош болуп,
Таптадың Поэзия кеменгерин.

Тузумду түгөстө Аллам эгер менин,
Эл журтум керезимди элер белең.
Толкуган шарпылдактын үнүн угуп,
Буйруса жээгиңде көмөр жерим.

Ыссык-Көл касиеттүү энем менин,
Тартпаса тузуң мени келер белем.
Илхамым ырдаганда келген сымал,
Толкунга толуп турат кемерлериң.


КЫЗГАН МЕНИ 

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Сынат чөлмөк миң күн эмес, бир күндө.
Көңүл жиби — тыт көпөлөк тарткан жип,
Үзүп алып, эки ортодо бүлдүрбө.

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Бирин-бири кызганбасын ким мүлдө.
Капкайдагы жаман ойду ойлосоң,
Акылыңдан адашасың бир күндө.

Кызган мени, кызган, бирок билдирбе,
Кур кызгансаң мени менен бир жүрбө.
Эмне болуп кетер экен дегендер,
Карап турат, мага аларды күлдүрбө.

ЭҢСӨӨ

Тоолордо топ гүлдөрдөй жайнап өскөн,
Токтобос эми бизге кайра көктөм.
Туйлатып жүрөгүмдү эстегенде,
Туптунук он сегиз жаш кайда кеткен.

Жылышып жыл артынан жылдар өткөн,
Жете албай, ал күндөргө айла кеткен.
Жылгадан жылт этет го кайран жаштык,
Жылмайган жыйырма беш жаш кайда кеткен.

От жалын, ай артынан айлар өткөн,
Ойлосом ал күндөрдү айла кеткен,
Отуз да ордо бузаар жалын жаштык,
Ойлонтуп, отуз беш жаш кайда кеткен.

Кыш да, күз, жаз артынан жайлар өткөн,
Кыя албай ал күндөрдү айла кеткен.
Кылактап кыз-келиндер барат өтүп,
Кыр ашып, кырк беш жаш кайда кеткен?

Эми алар, башкаларга пайдага өткөн,
Эңсетип эстен чыкпай айла кеткен.
Ээрчитип сезимдерди жетегине,
Эр ортон элүү жашым кайда кеткен?

Арга жок андан кийин мыш келбейби
Адамзат карылыкка туш келбейби.
Айла жок, жай күнүндөй жашообуздун,
Артынан ак сакалдуу кыш келбейби?

Мыш мен мишке башым ийгим келбейт,
Мен деле карылыкты сүйгүм келбейт.
Башымды мен аларга ийгим келбейт.
Тек гана кара баштын камы эмес,

Мен сизди карылыкка кыйгым келбейт.
Эч кимди карылыкка кыйгым келбейт.

ТООБО КЕЛТИРҮҮ

Айналдым топурагыңдан Тоңдун жери,
Тоң мүнөз келет дешет Тоңдун эли.
Турмуштун толкун дайра суусун кечип,
Өзүңө токтоо келин болдум эми.

Бирок Канат болбосо каякта элем,
Кыргызга мынча кулач жаят белем.
Соорума камчы салбай, тизгин тартпай,
Таптаган талантымды саяпкерим.

Бар, жокко башымды ийип ооба деймин,
Жамандык көрдүңбү десе жок а, деймин.
Энчимди эгиз элге бөлүп берген,
Кудайдын буйругуна тобо деймин.

Буюруду Ысык-Көлдүн тузу мына,
Баш ийдим колдоочума, кызырыма.
Алган жар, түшкөн ортом аман болуп,
Жараткан ыйман бергин кыз-уулума.

Ар кимге өлчөп берет бул өмүрдү,
Ким билет канча доорон сүрөөрүмдү.
Ааламатсыз эл-журтума токчулукта,
Кудайым кабыл кылсын тилегимди.

Касиетиңден кар эрийт, Тоңдун жери.
Тобокелчил келишет Тоңдун эли.
Торгоюңмун топ элге сайрап жүргөн.
Тоңдурбай өзүң коргон болгун эми.

МАГА ЖАР КЕРЕК

Мага жар керек.
үзүктү жалгай турган,
Жогумду камдай турган,
Тагдырым татаал болсо,
Тар жолдо тайбай турган.

Мага жар керек.
Берилип сүйүп турган,
Күн сымал тийип турган,
Аялдык көрсөтсөм да,
Ар дайым бийик турган.

Мага жар керек.
Жалындап жана турган,
Тилимди ала турган,
Эр жигит ичиндеги ,
Өзгөчө жаратылган.

Мага жар керек.
Чалынбай тузактардан,
Чарбасын түз аткарган,
Алыс бол деп айтмакмын,
Узун тил, ушактардан.

Мага жар керек.
Ыраак болуп кара жерден,
Ырыскы ала келген,
Ынтымак өмүр сүрүп,
Ыймандуу бала берген.

Мага жар керек.
Деп көңүл оолуктурду,
Купулум толуптурмун,
Кыз кезде көксөгөндү,
Кыргыздан жолуктурдум.

СҮЙҮҮ БАЯНЫ

Түшүмө сен киресиң, жанымдагыдай ай,
Көздөрүмдөн өпкүлөп жалынганың ай
Ойгонгум жок уйкудан,
ойгонгум жок,
Арман белең агылган канымдагың ай.

Сени ойлосом азыр да, жаным жалын ай,
Жан чыдагыс жалынга кабылганым ай.
Каным катып баратат, каным катып,
Тамчы суудай бир жутум зарыл, зарылганым ай.

Алай — дүлөй дүйнөмдүн куюндаган ай,
Ыр ырдабай жүрөгүм, ый ырдаган ай.
Биздей сүйүп көрбөгөн жүрөксүздөргө,
Улуу сүйүү угуту буйрубаган ай.

Махабаттын мыйзамын сактаныздар ай,
Тили жок деп сезимди какпаңыздар ай.
Чеги болбос мээримдин тизгини жок,
Ак сүйүүгө айбалта чаппаныздар ай.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3275