Бүгүн, 7 сентябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда депутаттар ар кандай маселелерди кароодо. Депутат Айбек Осмонов бүгүнкү күндө мектептерде китеп жетишсиздиги тууралуу билдирип, бул маселени чечиш керектигин айтты.
«Сентябрь башталып балдар мектепке бара башташты. Бүгүнкү күндүн көйгөйү мектептерде китептер жетишпей жатат. 1-класска барган окуучулурга кээ бир жерлерде жыртылып, айрылып калган китептер берилип жатат. Бүгүнкү күндө билимге басым жасабасак, эртеңки күнүбүз кандай болот?»,-деди Осмонов.