7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат Мамытканов:Учурда бардык шайлоо участоктору иш алып барууга даяр

216

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов үстүбүздөгү жылдын 10-январына белгиленген Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону уюштурууда шайлоо комиссияларына кѳмѳк кѳрсѳтүү боюнча республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн сайтты билдирди. Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоого даярдыктар жыйынтыкталуу алдында турат.

«Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө, алар иш алып барууга даяр. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти багыттагандыгын ишенимдүү түрдө айта алам», — деди ал.


Андан соң Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана мамлекеттик орган жетекчилеринин маалыматы угулду. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоону жана референдумду өткөрүү жана ага даярдык көрүү маалында жарандардын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун жана коронавирус инфекциясынан сактоону камсыздоо боюнча иш-аракеттер алгоритми иштелип чыккан. Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоосун уюштурууда мамлекеттик орган жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлгөн.
Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө 2021-жылдын 9-10-январында «түз байланыш» иштейт, ал аркылуу чыгып, электрдин, интернеттин жоктугун, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү тараптан эрежелердин сакталбай жаткандыгы, беткап жана бекитилген санитардык жана баша талаптардын сакталбай жаткандыгы тууралуу маалымдоого болот.

«Республиканын жарандарынын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот», — деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

217