7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максат Мамытканов укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

422


Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин м.а. Максат Мамытканов Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө укук коргоо жана күч органдарынын жетекчилери менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Кеңешмеде өлкөдөгү коомдук-саясий абалдын актуалдуу маселелери каралды.
Вице-премьер-министрдин м.а. белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жогорку уюшкандык деңгээлде өттү.


«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү боюнча элге берген убадасын аткарды. Өлкөдөгү абал турукташты, эми бардык көңүлдү экономикага буруу зарыл. Республикадагы туруктуу коомдук-саясий абал социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестицияларды тартуу боюнча шарттарды түзүү жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ», — деди Максат Мамытканов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

423