7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максатыбыз өлкөнүн намысын коргоп, татыктуу оюн көрсөтүү! «Ак шумкарлар» кайрылуу жасады

523

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү 2023-жылкы Азия Кубогунун старттык оюнунун алдында жалпы күйөрмандарына кайрылды.

Бүгүн «Ак шумкарлар» жаңы чакырыкка карай Азия Кубогуна болгон сапарын баштайт.

«Биздин башкы максатыбыз өлкө намысын коргоп, татыктуу оюн көрсөтүү. Биз сиздердин колдооңуздарды күтөбүз. Алга Кыргызстан!», — деп улуттук кураманын оюнчулары аларды сүрөп турууга чакырды.

Белгилей кетсек, бүгүн 2023-жылкы Азия Кубогунун «F» квартетиндеги тайпалык Таиланд-Кыргызстан оюну өтөт. Беттеш Катардагы «Абдулла бин Халифа» стадионунда болот. Оюн жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да, Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да старт алат. «Ак шумкарлар» старттык оюнда ак түстөгү формада ойнойт.

Таиланд-Кыргызстан беттешинде калыстар бригадасын иорданиялык ФИФА калысы Адхам Мухаммад жетектейт.

Турнирдин бардык оюндарынын түз алып берүүлөрү Кыргызстандын аймагында «УТРК Спорт» каналында жеткиликтүү болот.

524