7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Максутов: Орусиялык ырчылар өзүлөрү «куттуктап коёлу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек?

374

Саналуу күндөн кийин Кыргызстанда эгемендүүлүк майрамы белгиленет. Ага бир катар чет элдик ырчылар келери айтылган. Ошондон кийин социалдык тармактарда чет элдик аткаруучулардын келүүсүнө каршы пикирлерин айткандар көбөйгөн. Буга байланыштуу «Кабар» маалымат агенттиги маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго суроо узатып, пикирин укту.

«Орусиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, «Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коёлу» деп жатышса, жок келбегиле демек белек? Азыр Фейсбук жана башка социалдык тармакта отуруп алып, «бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз» деп аткандарга айтарым: «Бул майрамдык иш-чара жана ал жакка биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук» деп айта албайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун.

Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсы ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле?

Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коёлу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет. Эң сонун, жогорку деңгээлдеги программа даярдап атабыз. Ала-Тоо аянтында мындай масштабдагы программа өткөрүлө элек десем болот. Бардыгы түз эфирде көрсөтүлөт»,- деди министр.

375