Токмок шаарындагы мал базарында аксакалдын ашта союу үчүн мал ала турган 120 миң сому уурдалып, ошол жерден дароо эл акча чогултуп берген видео социалдык тармактарда жарыяланган. Учурда бул иш тыкыр көзөмөлгө алынып, иликтөө иштери башталганын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Токмок ШИИБне жана ошол жерде кызмат өтөгөн милиция кызматкерлерине эч ким, эч кандай маалымат жана арыз менен кайрылган эмес.
Социалдык тармакка чыккан факт 16-октябрда Токмок ШИИБдин электрондук маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүү убагында акчасын уурдаткан аксалдын өздүгү аныкталып, ал 1943-жылы туулган К.М. аттуу жаран болуп аныкталды.
Ал эми бүгүн, 17-октябрда Чүй ОИИББдин жана Токмок ШИИБдин жетекчилиги тарабынан акчасын уурдаткан аксакалдын үйүнө барып сүйлөшүү иштери жүргүзүлгөн.
Сүйлөшүүнүн натыйжасында 1943-жылы туулган К.М. аттуу аксакал арызы менен кайрылган. Ал арызында 2022-жылдын 16-октябрында болжол менен саат 9.00 чамасында Токмок шаарындагы мал базарынан анын курткасынын төш чөнтөгүнөн белгисиз адамдар каза болгон баласынын ашына сойгону жылкы ала турган 120000 сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, аларга чара көөрүнү суранган.
Ошол эле күнү аталган факты боюнча Токмок ШИИБнүн КБРне катталып КЖКнын 205-берене (Урулук) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
«Азыркы учурда жогорудагы коомчулукка резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИББдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери жана тергөөчүлөрү иш алып барууда. Ошондой эле Токмок ШИИБдин өздүк курамы тарабынан жогорудагы кылмыш боюнча күбөөлөрдү жана кылмышкерлерди аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул кылмыш ишинин жүрүшү ИИМдин жетекчилиги тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынууда. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча дагы кошумча маалымат берилет.
Ошондой эле токтоло кетсек, жабырлануучу тарап блогерлерди жана социалдык тармактардын өкүлдөрүнөн анын жашына жана ден-соолугуна байланыштуу тынчын албасын суранууда»,-деп берилет маалыматта.