7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Тез жардам» кызматына жол бербеген айдоочуларга 70 миң сом айып пул салынды

1083

Бишкек шаарында өткөн «Маяк» аталышындагы рейддик иш-чарада «Тез жардам» кызматына жол бербеген айдоочуларга 2 сааттын ичинде 70 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рейд «Тез жардам» кызматына жол бербеген айдоочуларга багытталган. Жыйынтыгында эртең мененки саат 10:00дөн 12:00гө чейин Бузуулар кодексинин 123-1-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык 7 протокол түзүлүп, 70 миң сом айып пул салынган.

«Пандемия учурунда Бишкек шаарынын аймагында  «Тез жардам» кызматы жарандарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Бирок айдоочулар «Тез жардамды» өткөрбөйт жана жол бербейт. Мындай көрүнүштөр калкка сапаттуу, өз убагында медициналык жардам көрсөтүүгө зыянын тийгизет», — деп билдирди кайгуул кызматы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1084