7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамкатчы министр менен депутатты ынтымакка чакырды

591

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов министр менен депутатты ынтымакка чакырды. Бул тууралуу өзүнүн баракчасына билдирди.

«Каныбек мырза иш бөлмөсүндө билек түрүп иштеп жаткан экен, көрдүк. Эрулан мырза да ал жерге ойноп барбай, эл камын ойлоп барганын да көрдүк. Негизи мага экөөнүн кайым айтышы кадыресе эле көрүнүш! Эл үчүн ошентип кызыл чеке болуп, «кырылышып» эле иштей бергиле! Өзүңөрдүн ишиңер үчүн жаакташпагандан кийин, Өлкөбүздүн эсин эки кылбай, кичүүң улуусуна кол сунуп, төш тийгизип койгула! Наркыңарга баш ийип, баркыңарды сактагыла! Жагдай Жогорку Кеңеште талкуу болчу маселе эмес деп ойлоймун»,- деди ал. 

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда эл өкүлү менен министрдин кайым айтышкан видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

592