7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Мансур Мовлаев кармалды

574

Мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны Ысык-Көл облусунан кармалды. Бул тууралуу УКИКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-августта УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында, радикалдык идеологияны карманган (16.08.22-ж) бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1995-жылы туулган, Россия Федерациясынын М.М.М. аттуу жараны Ысык-Көл облусунун аймагынан кармалды, Ал Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ЭТУну каржылоо максатында, Кыргыз Республикасындагы колунда бар жарандарына бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргызстандын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды.

Такталгандай, жогоруда кармалган жаран 2023-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, 1993-жылдын 21-декабрында туулган С.И.В. аттуу жарандын атына Россия Федерациясынын жаранынын жасалма паспортун колдонуп, Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн.

Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575