Президент Садыр Жапаров «Мамлекеттик аппараттын санын кыскартуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, максаты аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын түзүмүн жана башкарууну оптималдаштыруу, кайталанган жана ашыкча функцияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик аппаратты күтүүгө каралган бюджеттик каражатты үнөмдөө.
«КРнын Президентинин Администрациясынын, министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, президенттин карамагындагы мамлекеттик органдардын штаттык саны 30 пайызга чейин кыскартылсын»,-деп айтылат жарлыкта.
Сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын кызматкерлеринин санын 30 пайызга чейин кыскартуу боюнча ишти жүргүзүү;
— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна жана Кыргыз Республикасынын Сот департаментине сот органдарынын түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү жана алардын штаттык санын 30 пайызга чейин кыскартуу;
— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен күтүлгөн бюджеттик мекемелерде жана уюмдарда инвентаризациялоону жүргүзүү жана кызматкерлердин санын 30 пайызга чейин кыскартуу.
Мындан улам министрлер кабинетине төмөнкү тапшыралар берилди:
— кыскартылган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бошонуу жөлөкпулун төлөп берүүнү камсыз кылсын;
— бошотулуучу кызматкерлерди ишкердик иштин негиздерине окутуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
— үнөмдөлгөн каражаттарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын көтөрүүгө жумшасын;
— Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, КРнын Президентинин Иш башкармасы ушул Жарлыктын 3-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ишти жүргүзсүн.
Белгилей кетсек, Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.