7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик ишмер Бейшеналы Кулов 91 жашында дүйнөдөн кайтты

281

Партиялык жана мамлекеттик ишмер Бейшеналы Кулов 91 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Бейшеналы Кулов 28-декабрда көз жумган.


Бейшеналы Кулов 53 жылдан ашык партиялык жана чарбалык кызматтарда иштеп, 20 жылдан ашуун Чүй облусунун Москва, Кемин райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун биринчи катчысы болуп эмгектенген.


25 жыл бою ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты болуп шайланган, ошол эле мезгилде ал Кыргыз ССРинин Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин мүчөсү болгон. Республиканын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери жана ошондой эле көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон.


Ардактуу эс алууга чыккандан кийин 10 жыл Чүй облустук согуш жана эмгек ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

282