7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик кызматкерлерге иш жеринде пиджак кийүүдөн баш тартуу тескемесине кол коюлду

399

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбыек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин жумуш формасына байланыштуу тескемеге кол койду.

Ал мамлекеттик органдардын кызматкерлери пиджак кийүүдөн баш тартып, көйнөк менен иштеши керектигин билдирди.

Касымалиевдин айтымында, тескеме эртеңден тарта толук колдонууга кириши керек. Ал бул чара электр энергиясын үнөмдөөгө жардам берерин белгилеп, аткаминерлери кондиционерди азыраак колдонуу үчүн галстуксуз көйнөк кийүүгө өткөн Японияны мисал келтирди. Бул ыкма ири каражатты үнөмдөөгө мүмкүндүк берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы азыр көптөр костюм менен иштеп, кондиционерлерди күйгүзүп жатканын айтты. Эгер кызматкерлер жеңилирээк кийим кийсе, кондиционерге болгон муктаждык азаят.

«Муну менен электр энергиясын үнөмдөй алабыз», — деди ал.

400