7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын эки орун басары дайындалды

632

Умтулов Нурлан Жумалиевич жана Алиев Бекболот Абдыганыевич Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысынын буйруктарына ылайык, Карагулова Айдай Нурдиновна жана Асылкулов Искендер Эсенгелдиевич башка ишке которулгандыгына байланыштуу бошотулду.

Жаңы дайындалган орун басарларды жамаатка финансы министри Алмаз Бакетаев тааныштырып, алардын иш тажрыйбасын жана жогорку кесиптик сапаттарын белгилеп, иштеги ийгиликтерди жана белгиленген пландар менен милдеттердин ийгиликтүү ишке ашырылышын каалады.

“Салык кызматы мындан ары да салык системасын жакшыртууга багытталган ири иш чараларды ишке ашыруусу зарыл. Алардын ичинде жаңы Салык кодекси кабыл алынгандан кийин аны иш жүзүнө ашыруу, салык жол-жоболорун санариптештирүү сыяктуу бир катар иштер турат”, — деди министр.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633