«Манас» эл аралык аэропортунун аэробекеттик комплексинде 3 экспресс-лаборатория ишин алып барууда.
ПЦРга анализ тапшырып, кыска мөөнөттө изилдөөнүн жыйынтыгын 3 экспресс-лабораториядан алууга мүмкүн, алар:
- Бонецкий лабораториясы;
- Medikana Plus;
- AMSBIO lab.
««Манас» эл аралык аэропорту» ААКсы ПЦР-тест тапшырууну талап кылууда деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул биздин эмес, сиздер бара турган өлкөлөрдүн талаптары. Андыктан ПЦР-тести тууралуу маалыматты авиабилеттерди сатып алуу учурунда же Кыргызстандан бара турган өлкөнүн элчилигинен тактап алууңуздарды суранабыз»,-деп берилет маалыматта.