“Манас” аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери жүрүүдө
373
“Манас” эл аралык аэрпортунун учуп-конуу тилкесин оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди.
«Ремонт иштери быйыл октябрь-ноябрда соңуна чыгат. Муну менен биринчиден учуп-конуу тилкеси жаңыртылып, ага учактардын жумшак конуусуна шарт түзүлөт.Экинчиден ремонт иштеринин жүрүшүндө учактардын конуусуна белги бере турган эң заманбап жарыктандыргычтар орнотулат. Бул өз кезегинде учурда аба-ырайынын начарлоосунан учактар коно албай калган учурларды дээрлик жокко чыгарат. Мисалы, азыркыдай бир аз туман түшсө башка аэрпортко кетирүү маселеси жаралбайт. Аэропортубуздун учуп-конуу тилкеси эң жогорку талаптагы технологиялык жабдыктар менен жабдылып, замандын талабына шайкеш келет» — деп жазды ал.
Ушундай эле жумуштар кийинки жылы “Ош” эл аралык аэропортунда жасалмакчы. Баса белгилей кетчү жагдай бул курулуш иштерин каржылоо “Манас” ААК өздөрү тапкан каражаттарынын эсебинен жүрүүдө.