7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды

806

Саясат таануучу Марат Казакпаев мамлекетке чыккынчылык кылды деген шек менен кармалды. Аталган маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү («Мамлекеттик чыккынчылык кылуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында республиканын айрым жарандарынын бул кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги жөнүндө далилдер алынды.

“2021-жылдын 13-апрелинде тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгынын жана мамлекеттик чыккынчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилдеринин негизинде Кыргызстандын жарандары Марат Казакбаев жана М.Т. кармалышты”, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМК колдонуудагы мыйзамдарда бул кылмышты жасагандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилеп кетет.
Материалдар улуттук коопсуздукка байланыштуу болгондуктан кылмыш иш жашыруун болмокчу.

  • Казакпаев 1966-жылы 29-январда төрөлгөн. 1994-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин аяктаган.
  • Кыргыз-Россия славян университетинин эл аралык мамилелер факультетинин саясат таануу кафедрасынын улук окутуучусу, «Полис Азия» аналитикалык борборунун эксперти, Улуттук илимдер академиясынын Экономика институтунун эл аралык маселелер бөлүмүнүн улук илимий кызматкери болуп эмгектенген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

807