7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Марипов зыяндуу товарлардан баш тартып, «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө белсенди

685

Кыргызстан ыраатуу түрдө энергиянын салттуу булактарынан, айлана-чөйрөгө, адамдардын ден-соолууна жана өмүрүнө зыян келтирген товар жана тейлөөлөрдөн баш тартып, «жашыл» экономиканы өнүктүрүү жолу менен кетүүгө умтулууда. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Чарльз Гарретт жана БУУ Өнүктүрүү программасынын Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен жолугушуусунда билирди.

Белгиленгендей, Париж келишимин ишке ашыруу алкагында эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, анын ичинде парник газдарынын таралышын кыскартуу боюнча иш улуттук деңгээлде жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде Чарльз Гарретт үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Глазго (Шотландия) шаарында климаттын өзгөрүүсү тууралуу БУУ Рамкалык конвенциясынын 26-Конференциясы өткөрүлүшү жөнүндө маалымат берди.

«Кыргыз Республикасы республикадагы климаттык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды тартуу максатында эл аралык климаттык уюмдардын көңүлүн өзүнө бурдурууда көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ»,- деп белгиледи Элчи.

БУУӨП Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен кошумчалагандай, БУУӨП дүйнө жүзүндөгү өлкөлөргө парник газдарынын жайылуусу төмөнкү деңгээлдеги өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүп келет, ошондой эле конференция эл аралык деңгээлдеги климаттык коопсуздукту камсыздоо боюнча өз пландарын билдирүүсү үчүн натыйжалуу аянтча болуп калаарын маалымдады.

Жыйынтыгында Өкмөт башчы аталган маселе боюнча тыгыз кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди жана келерки конференцияга кыргыз делегациясынын катышууга даяр экендигин кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686