7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мас абалында жол кырсыгына кабылган 20 жаштагы айдоочунун абалы оор

5

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы маалымдайт: 2026-жылдын 21-январында, болжол менен саат 09:00дө, 2006-жылы туулган А.Д.М. аттуу айдоочу «Тойота-Карина» үлгүсүндөгү унааны башкарып, Достук турак жай массивинде жайгашкан Васильевский тракт жолу менен түндүк багытта бара жатып, рулдук башкарууну жоготкон.

Натыйжада унаа жолдон чыгып кетип, тоскоолдукка — даракка урунган.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жол кырсыгына ылдамдык режимин бузуу, унаанын жайкы (эскирген) шиналар менен башкарылышы жана айдоочунун алкоголдук мас абалында болушу себеп болгон.

Айдоочу А.Д.М., 2006-ж.т., алган жаракаттары менен НГнын реанимация бөлүмүнө жеткирилип, ооруканага жаткырылган. Алдын ала диагноз: оор айкалышкан жаракат, жабык баш мээ жаракаты, мээнин көгөрүшү, көкүрөк клеткасынын жана ич көңдөйүнүн жаракаты.

6