7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Матраимовдун баасы 3 млрддан ашык кыймылсыз мүлкү мамлекетке өттү

321

Райымбек Матраимов жана анын жакын санаалаштары тарабынан мыйзамсыз жол менен алынган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн УКМКдан билдирди.

Жыйынтыгында жалпы баасы 3 млрд 98 млн 134 миң сомду түзгөн төмөндөгү объекттер мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилди.

— Бишкек шаарындагы Киев-Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу «Бай Таш мунарасы» турак жай комплекси, жалпы аянты 8148,5 чарчы метр, алдын ала баасы 16 млн 297 миң АКШ долларды түзөт;
— Ош шаарындагы Төлөйкөн кичирайонунда жайгашкан «Ихлас» курулуш компаниясынын турак эмес, коммерциялык имараттары, жалпы аянты 5085 чарчы метр, алдын ала баасы 7 млн 627 миң АКШ долларын түзөт;
— Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагындагы 3,87 га жер тилкеси менен «БИМИ Ош сервис» БКЖ (бажылык каттоо жери) алдын ала баасы 4 млн. АКШ долларын түзөт;
— Бишкек шаарынын Рыскулов көчөсүнүн 79 Б дарегинде жайгашкан «Эрем» спорт клубу, жалпы аянты 538 чарчы метр, болжолдуу баасы 1 млн АКШ доллары;
— Бишкек шаарынын Ж.Пудовкин көчөсүнүн 82/2 дарегинде жайгашкан 2 корпус, офис кеңсеси, жалпы аянты 700 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн 500 миң АКШ долларды түзөт;
— Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 37,3 га жер тилкеси менен «Юни Лаб» БКЖ (бажылык каттоо жери) болжолдуу баасы 1 млн 286 миң АКШ доллары;
— ⁠Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Имарат Стиль» ЖЧКсына тиешелүү «ИМПЕРИАЛ» турак жай эмес коммерциялык имараты, жалпы аянты 1400 чарчы метр, болжолдуу баасы 2 млн. 100 миң АКШ долларын түзөт.

Учурда УКМК тарабынан Матраимовдун кылмыш жолу менен алынган кошумча мүлктөрүн аныктоо жана мамлекеттин менчигине өткөрүү боюнча тиешелүү комплекстүү иш-чаралар уланууда.

 

322