7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мавлян Аскарбеков: «Ататүрк» паркын калыбына келтирүүнү мыйзам бузгандардан башташ керек

517

Саясатчы, жарандык активист, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин мурдагы орун басары Мавлян Аскарбеков: «Ататүрк» паркындагы мыйзамсыз салынган үйлөр жана башка курулуштар – коррупциянын символуна айланып калды, жалпы элге таандык сейил бактын аймагында үй курууга уруксат берүү президент Акаевдин мезгилинен бери уланып келатат жана андай көрүнүштөр борбор калаанын башка райондорунда дагы бар.

Бирок парктын ичинде азыр жашаган көптөгөн адамдын «кызыл китептери» бар, алар үйлөрүн сатып алганда эч мыйзам бузган эмес, биздин Конституция боюнча жеке менчик мүлк – кол тийгис нерсе. Ошондуктан парктын аймагын элге кайтаруу иштерин – бир кезде парктын аймагын жеке менчикке бөлүштурүп берген экс-мэрлер, алардын ошол кездеги орун басарлары, шаардык кеңештин экс-төрагаларын жазалоо аркылуу баштаса болмок. Кандай болгондо да, бул иштер узакка созулуп кетиши мүмкүн…

518