7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мээримдин адамгерчилиги дүйнөнү суктандырууда, беттештен кийинки интервьюсу

9747

Ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль багындырган Мээрим Жуманазарованын беттештен кийинки аракети, коомчулукта жылуу пикир жаратып, алкоого арзууда.

Мээрим финалдык беттеште япониялык Рин Мияжинин бутун ороп, далысын жерге тийгизүү менен 2 балл алып, таза жеңишти камсыздаган.

Беттештен соң буту ооруп калган атааңдашын жетелеп тургузуп, килемден чыгуусуна жардам берүү- бул чынында адамгерчилик.  Эсиңиздерде болсо, дүйнө коомчулугу мындай аракетти мындан 5 жыл алдын РИО Олимпиадасында Айсулуу Тыныбековадан көрүп суктанган эле.

Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль уткандан кийин эл аралык ММКларга интервью берип, Айсулуу Тыныбекова жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков тууралуу ой бөлүшкөн. Анда, чемпион кыз ийгилигинин сыры эң күчтүү, эң жакшы  машыктыруучусу экендигин айткан. Ал эми Айсулуу Тыныбекова ал үчүн үлгү болуп, ар дайым колдоп тураарын билдирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9748