Мейманкадагы кызматкерлерди ашата сөгүп, кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымтака ылайык, 2021жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Ленин районунун аймагында укук бузуу фактысы катталып, Жоруктар Кодексинин 119-беренеси “Майда бейбаштык” менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Белгисиз адам Бишкек шаарынын мейманканасына келип, жумушчуларды жана администратор кызды оозго алгыз сөздөр менен сөгүп, ал жерде иштеген жаранга кол көтөрүп сабап салган.
Бул факт боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп 2021жылдын 11-мартында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын (УБОП) кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1995 жылы туулган Ш.К. атту жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Алынган маалымат боюнча кармалган жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын каттоодо турат. Азыркы кезде тергөө иштери жүргүзүлүүдө.