7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектеп, бакчалар салыктан бошотулат. Жогорку Кеңеш салык боюнча мыйзамды долбоорун колдоду

666

Бүгүн  27-октябрь Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын  Салык кодексин колдонууга киргизүү  жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жатат.

Экономика министри  Даниярь Амангельдиев өз баяндамасында бул долбоор салык мыйзамдарын заманбап  экономикалык шарттарга айкалыштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө  бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө  экономиканы кыскартуу максатын көздөөрүн айтты.

Ошондой эле Кыргызстандын экономикалык  деңгээлин жогорулатуу боюнча салыктык түшүүлөр  12% азайып, көмүскөдө  бюджеттин наркы  жогорку денгээлге  40% жеткени айтылды.

Мамлекет көмүскөдөгү мыйзамсыз жүргүзүлүп жаткан иштерди  жоюу үчүн, чектөө  салык жоболорду электрондоштуруу, электрондук патент, мобилдик капчыктар менен иштөө, санариптик карталарды түзүү, импорт товарларды маркалоо, кассалык машина аркылуу ишке ашыруу жана фискалдаштыруу саясатын санариптештирүүгө багыт алган.

Депутат Дастан Бекешев билим берүү тармагы  боюнча салыктар кандай чечилерине кызыкды.

Экономика министри  Данияр Амангельдиев, мектепке чейинки жана билим берүү системалары  салыктык режимден  бошотулганын   билдирди.

Талкуунун  соңунда,  аталган мыйзам долбоору  биринчи окууда  жактырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

667