7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мектептерде психологдун кызмат орду пайда болот

229
Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү шарттарына психологдун кызмат орду киргизилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдайт.
Өкмөттүн мындай чечими өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Психологдун штаттык бирдиги окуучулардын санына жараша белгиленет. Алсак, 100дөн 275ке чейин окуучусу бар мектептер үчүн – 0,25 штаттык бирдик, 276дан 550гө чейин – 0,5 штаттык бирдик, 551 жана андан көп окуучусу бар билим берүү уюмдары үчүн – 1 штаттык бирдик каралган.
Тийиштүү токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

230