7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адамга өлүм келсе эмне экен, өмүрдүн жазын көрбөй кеткендер бар…

955

Кыргыз эли таланттарга бай келет эмеспи. Болгону эл арасында катылып жаткан таланттарды тартып чыксак… Ар бир жазган ырында терең маани камтылып, ыр менен жүрөк козгогон бүгүнкү каарманыбыз Махабат Бекибаеванын өзүнүн калемине таандык ырларын ачып беребиз.

Махабат Бекибаева 1967-жылы Ош облусунун Алай районунда жарык дүйнөгө келген. Ал жаштайынан ыр жазууга кызыгып, калем сабын колунан түшүрчү эмес. Ошондон улам, чыгармачылыкка болгон кызыгуусу артып ОшМУнун филология факултетине тапшырган. Окуу жайды артыкчылык менен аяктап, көп жылдардан бери мугалимдик кесипти аркалап, үзүрлүү эмгектенген. Учурда беш баланын ардактуу апасы жана үч неберенин сүйүктүү чоң энеси.

«Ырлар аркылуу жан дүйнөмдө болуп жаткан толкундарды сыртка чыгарып алам»,- дейт Махабат айым.

      Айылдагы кеч

Үй бурчунда темир печкеге,
Зуулдата оттор жагылып.
Атам төрдө, апам чай сунуп,
Жай турмуштан кептер агылып.
Эрте эле жатып алчубуз,
Кыштын узун түнүн жамынып…

Атам чыгып малга чөп салып,
Апам болсо курут эзүүчү.
Кошунабыз ал- жай сурашып,
Күндө бир маал келип кетүүчү.

Ийик ийрип төрдө чоң энем,
Жан дүйнөсү кенен, мол энем.
Балдарынын бактысы үчүн,
Бүт өмүрүн берген көл энем.

Ырысыбыз, кутман карыбыз,
Жоксуз азыр, жакшы барыңыз.
Чын ниеттен сизге чоң эне,
Ыраазыбыз жалпы баарыбыз.

                                                                        Өмүр жолу

Мен киммин, мен бир деңиз көбүгүмүн,
Билбеймин, көбү өттүбү өмүрүмдүн.
Кылчайбай кетсе эмне экен, кете берем,
Балдарым көчүн улайт өмүрүмдүн.

Жөргөмүш чыгармачыл адамга окшош,
Тынымсыз токуй берет желелерин.
Коштошсоң, коштошо бер мени менен,
Балдарым отун жагат кемегемдин.

Адамга өлүм келсе эмне экен,
Өмүрдүн жазын көрбөй кеткендер бар.
Же болсо бала жытын жыттабастан.
Токсонго, жүзгө дагы жеткендер бар.

Оо… өмүр, кышың ызгаар, жазың жылуу,
Оо, өмүр, кышың, жазың — бирдей сулуу.
Баарына тандабастан нурун төккөн,

Оо… өмүр, жарык улуу, күнүң сулуу.

 

 

Мезгил менен сырдашуу

Бул жашоодо, бир жылт эткен өмүрдө,
Сүйүү көрсөм көпкө ошого токтодум.
Ошол жерде тура берип кылчактап,
Убактымды коротконго окшодум.

Бул өмүрдө, өмүр чиркин өмүрдө,
Жакшыны да, жаманды да көп көрдүм.
Жакшылыкка көңүл толкуп кубанып,
Жаман сөздү жүрөгүмдөн өткөрдүм.

Жымыңдаган түнкү сансыз чырактар,
Жан дүйнөмө жакын сырдаш, ынактар.
Сырларымды угуп айтпас эч кимге,
Сырдаштарым, бирок абдан ыраактар.

А мен болсо үнөмдөбөй убакыт,
Түбөлүккө жашоочудай окшодум.
Жамандыкты көрсөм кетпей күймөлүп,

Шолоктогон бойдон көпкө токтодум.

Анткени мен сулуу жылдыз эмесмин.
Токтогуча минем өмүр кемесин.
Жаратканым бизди ушинтип жараткан.
Төрөлгөндөн кам сүт берип пендесин.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

956