Сузак районунун Сафаровка айылында жайгашкан Ж.Бөкөнбаев атындагы мектепте окуучу кызга кол көтөргөн мугалим кечирим сурады.
«Эмоцияга алдырганым үчүн сиздерден кечирим сурайм. Ата-энесинен дагы кечирим сурадым. Бул маалыматтарды эки тараптуу карап чечишиңиздерди суранам! Азыркы учурда менин дагы акыбалым начар болуп турат»,-деди мугалим.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда мугалим окуучу кызга кол көтөргөн видео тарап, коомчулукта талкуу жараткан.